Ошто жолдордун жээгин унаа токтотуучу жай кылып алышканын окурман бүгүн, 19-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Зайнабидинов жана Тешик-Таш базарынын алдындагы көчөлөрүнүн жээгин унаа токтотуучу жай кылып алышкан. Мындан улам жол тыгын жаралып, ыңгайсыздык болууда. Ар бир унаадан 20 сомдон алышат. Ушул маселенин чечилишин бардык айдоочулар талап кылышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.