“Манас ааламы” сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

7-майда борбор шаардагы Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде “Манас ааламы” сүрөт сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылды. Сынакка 73 эмгек сунушталып, анын ичинен живопись, графика, скульптура, көркөм-жасалгалоо жанры боюнча 60 эмгек тандалып алынган. Баш байгени Айып Алакунов жеңип, 20 миң сом менен сыйланса, 2-орунга Нурлан Кебек уулу чыгып, 15 миң сом менен сыйланды. Ал эми 3-орунга Нурбек Жолбунов ээ болуп, ага 10 миң сом тапшырылды.  

 

“Манас тууралуу китеп чыгаралы десек эле сүрөт издеп таппай калабыз. Манас тематикасына Герценден кийин дагы бир-эки эле чоң сүрөтчү кайрылган. Андан бери бир дагы көзгө көрүнүктүү, алгылыктуу иштер жокко эсе экен. Ошондуктан мындай сынакты уюштуруу идеясы зарыл болгон”,- дейт иш-чараны уюштуруучулардын бири сүрөтчү Замир Илипов.

Белгилей кетсек, уюштуруучулар мындай сынакты жыл сайын өткөрүүнү пландашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан