Өзгөндөгү сел 100 гектар аянттагы эгинди агызып кетти

Өзгөн районуна караштуу Жылалды айыл өкмөтүнө кирген Калта, Жылалды айылдарындагы 100 гектар жер аянтындагы күздүк, жаздык эгиндер жараксыз абалга келди. Буга себеп 18-апрель күнү катуу жааган жаан болгон. Бул тууралуу райондук айыл чарба башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, учурда аянттагы эгиндердин ээлери жана эмне тигилгени такталууда.

“Ал күнү жамгыр катуу жаап, эки айылды сел каптады. Сел айрым үйлөрдүн ичине кирип, короо-жайлар жараксыз абалга келди. Ошондой эле майда мал жандыктар өлүмгө учурады”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2017-04-19 18:55:10
Кудай сактай кор!
+1
mirana9395
2017-04-19 22:11:30
эх менин айылым.жакшы Кудай сактаптыр озунор аман экенсинер ошол жетиштуу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан