Бүгүн, 19-апрелде Ош шаарындагы эмгек биржасында зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган балдарды убактылуу кармоочу “Үмүт шооласы” борбору ишке берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Ачылуу аземинде, убактылуу кармоочу жайга келген балдар жергиликтүү бийликтин тыкыр көзөмөлүндө болору айтылды. Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаеванын айтымында, зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган балдар үч күндөн, беш күнгө чейин борбордо убактылуу кармалат.
“Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды балдар үйүнө же ата-энесине кайра кайтарып берүүгө комиссиянын жана соттун чечими чыкканга чейин жайгаштырууга жай жок эле. Мына бүгүндөн тарта бул маселе чечилип жергиликтүү бюджеттин, жеке ишкерлердин каржылоосу менен балдарды убактылуу тарбиялоо борбору ачылды. Бардык ыңгайлуу шарты менен үч маал тамактанышат. Психологдор, тарбиячылар үчүн штат да ачылган”, - деген Батина Токобаева.
“Үмүт шооласы” борборунда кыздар жана уул балдар үчүн уктоочу бөлмө, ашкана, жуунуучу жай жана эс алуучу бөлмө бар. Ош шаарында мындай борбор алгачкы жолу ачылып жатат. Борборго келип түшкөн балдар Ош шаарынын дене тарбия жана спорт, жаштар комитеттерине, ошондой эле маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин карамагында болот.