Бишкек-Кара-Балта трассасын оӊдоо Бишкектен эмес, Сокулуктан ары башталат

Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу иши Бишкектин чыга беришинен эмес, 9 чакырым ары жактан башталат.

Ортодо 2 айыл аймактын жолу оӊдолбой каларын 20-апрелде Жогорку Кеӊеште депутаттар айтып чыгышты. Депутаттар буга жол бербөөнү, асфальт төшөө ишин Бишкектин чыга беришинен баштоону талап кылышууда.

Маалыматтар боюнча, курулуш иши шаар сыртындагы унаа базарынан ары башталганы жатат. 9 чакырым жол эмне үчүн долбоордон чыгып калганы боюнча Транспорт жана жол министрлиги атайын билдирүү жасай элек. Бишкек-Кара-Балта трассасы, анын ичинде депутаттар "оӊдолбой калат" деп жаткан Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айылдарынан өткөн жолдун абалы көптөн бери нааразычылык жаратып келет. Парламентте да дээрлик 4 айдан бери көтөрүлүп келе жатат.

Эскерте кетсек, Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу долбооруна Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 100 миллион доллар бөлүнгөн. 65 миллион доллары кредит, 35 миллион доллары грант. Долбоордун алкагында трассаны тийиштүү жабдыктар менен жабдуу, эл жашаган аймактарда трассанын эки тарабына теӊ жаӊы тротуарларды куруу, жол четиндеги арыктарды оӊдоо, жөө адамдар жердин астынан жана үстүнөн өтүүчү тилкелердин эскисин жаӊылоо, жаӊысын куруу иштери да жасалууга тийиш.

Трассаны жаӊылап куруу иши жакында башталат. Жакында Кыргыз мамлекетинин Транспорт жана жол министрлиги менен Кытайдын "China Railway" компаниясынын ортосунда 70 миллион 239 миӊ 899 доллар суммасындагы келишимге кол коюлган. Келишим 3 жылга түзүлгөн. Мындан тышкары 365 күн мүчүлүштүктөргө жоопкерчилик мезгили үчүн каралууда. Ошентип долбоорду ишке ашырууга жалпы 4 жыл берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jigit.paren
2017-04-20 12:49:38
Биздин Ысыккөлдүн жолун да бир карап койгулачы айланайын бийлик өкүлдөрү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан