Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айтмамат Назаров жаратылыш кырсыктарынан улам коопсуз жайларга көчүрүлгөндөргө тийиштүү жардам көрсөтүлбөй жатканын айтты.
Эл өкүлү өлкө аймагында, айрыкча Ош жана Жалал-Абад облустарында жер көчкүлөр көбөйдү, дарыялар нугунан чыгып, айылдарды каптап, айдоо жерлерин жайпап жатканын белгилеп өттү.
"Табигый кырсыктан көптөгөн жарандар жабыр тартууда. Суулар мындан да көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Өкмөт бул багытта тиешелүү чараларды көрүшү керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад шаарындагы мурда жабылып калган механизациялаштырылган бөлүмүн кайрадан ачышы керек. Ушул тапта көптөгөн жарандар үйүнөн коопсуз жерге көчүрүлүүдө. Бирок аларга жер бөлүнүп, каржылык колдоо көрсөтүлө элек. Өкмөт бул маселени чечиши керек", - деди Назаров.