Парламентте Боинг кырсыгынан жабыркагандарга курулуш компанияларынан турак жай алып берүү сунушталды

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Азизбек Турсунбаев Боинг кырсыгынан жабыркагандарга үйлөрүн сата албай жаткан курулуш компаниялардан турак жай алып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Авиакырсыктан жабыр тарткандар турак жай маселесин чечип берүү талаптарын коюуда. Белгилүү болгондой, элден 100 миллион сомдон ашык акча чогулган. Аларга үй салып берүүгө жер издеп, там салууга убакыт кетирбей, бүгүнкү күндө көп компаниялар үйлөрүн сата албай отурушат. Баалары кымбат деле эмес, чогулган каражат дагы жетет экен. Ошол жерден турак жай сатып берүүнү сунуштайт элем. Жер издегенде тендер өткөрүш керек. Бул кышка чейин созулуп кетиши мүмкүн. Тез арада маселени чечип берсек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
solntse95
2017-04-20 14:19:28
Туура айтат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан