Бүгүн, 20-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бийлик командасы "Ата Мекендин" президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августуна дайындоо сунушун "саясий провокация" деп атады. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси Фарид Ниязов учурдун башкы темасына айланган ажо шайлоонун датасы боюнча билдирүү жасады.
Ниязов президенттик жарышты 2017-жылдын 19-ноябрында өткөрүү 2011-жылы Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар сунуштап, парламент кабыл алып, ошол туштагы президент Роза Отунбаева кол койгон Конституциялык мыйзамдын талабы экенин, Жогорку Кеӊеш шайлоону 19-ноябрга дайындоого милдеттүү экенин айтты. Чиновник сөзүнүн соӊунда "жаӊы президент ишке киришкенче, иштеп жаткан президент мөөнөтүн узартса болорун" айтты. Конституциянын талабычы?.. Кызыгы, Ниязов Конституциянын "президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат" деген 61-беренесин аттап өтүп, андан кийинки 62-беренени мисал кылды. Анда "президентти шайлоо тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат" деп жазылуу. Азыркы талаш шайлоонун тартиби жөнүндө эмес, шайлоонун өзүн дайындоо боюнча жүрүп жатканын Ниязовдун түшүнбөй калышы мүмкүн эмес. Ошентип БШК сыяктуу эле президенттин кеӊешчиси да Баш мыйзамдагы негизги талапка токтолууну, анын өйдө-ылдыйын элге түшүндүрүп отурууну туура көрбөдү. Текебаев камакта жатканда пайдаланып, айыпты ага оодарууга жан үрөп жатышат. Каныбек Иманалиев айткандай, Текебаев парламентте отурганда ооз ача албаган айрымдар бүгүн баатыр болуп чыга келишти. Шайлоо жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеӊеш өзгөртмөйүн президенттик шайлоону эртелетүү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес болсо, Атамбаев 1-декабрдан кийин да кызматта болот деген жоромолдор чындыкка жакындай сезилет.
Бул арада КСДПнын лидери Иса Өмүркулов парламентке президенттик шайлоону 2017-жылдын октябрында өткөрүү сунушун киргизип, мыйзам долбоору комитетте 1-окуудан өткөнү белгилүү болду. Бирок сунуш качан киргизилип, кайсы айда, кантип талкууланганы боюнча КСДПнын депутаттары жооп айта албай жатышат. Мындан 3 күн мурун Өмүркулов ММКларга ден соолугуна байланыштуу жумушка чыга электигин, президенттик шайлоону 27-августка дайындоо боюнча "Ата Мекендин" сунушунан кабардар эместигин айткан эле. Бирок анда президентти шайлоо мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам сунуштаганы жөнүндө ооз ачкан эмес. Парламент 2 айдан кийин каникулга тарайт, мыйзамды кабыл алуу процедураларына кетчү убакытты эске алганда Шайлоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүүгө жетишүү күмөн деген пикирлер айтылууда. Президент өзү Конституция чектеген мөөнөттө кызматтан кетерин мурда ай күнүнөн бери санап жүрчү. Мисалы, 2013-жылдын 17-октябрында ажо Нарында эл менен жолугушууда "президенттик мөөнөтүмдүн бүтүшүнө 4 жыл, 1 ай 13 күн калды" деп айтканы бар. Эсептөө кыйын эмес, Атамбаев бийликтеги өмүрү 2017-жылдын 1-декабрында бүтөрүн эӊ жакшы билген. Кызыгы, президенттик шайлоо жакындаган сайын ажонун күн санагы токтогон эле...
"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш ишин тергөөгө берилген 2 айлык мөөнөт бүтүп баратканда митингдер кайра жанданды. Бишкекте Ак үйдүн алдына Текебаевдин тарапташтары топтолуп, депутатты камактан чыгарууну, саясий куугунтукту токтотууну талап кылышты. Текебаевдин адвокатынын ырасташынча, УКМК "тергөө бүтө элек" деп "Ата Мекендин" лидерин камакта кармоо мөөнөтүн узартуу үчүн сотко кайрылган.
"Акаев кетсин!", "Бакиев кетсин!"... Мындай ураандар Ак үйдүн алдында 2005 жана 2010-жылдары жаз айларында жаӊырып турган. Ак үйдүн алдында бүгүн "Атамбаев кетсин!" урааны жаӊырды. Мурдагылардан айырмасы - мурдагы ураандар калыӊ элдин атынан жаӊырса, бүгүнкүсү ондогон адамдын гана кыйкырыгы болду. Бир кезде адам укуктары, демократия деп жүрүп, бүгүн колунда микрофону жок камакта жаткан Текебаевдин абалына калыӊ элде анчалык тынчсыздануу байкалбайт. Оппозиционер, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков бийлик азыркыдай: журналисттер менен саясатчыларды камоо аракети менен элди жарылууга, революцияга түртүп жатат деген пикирде. Текебаевдин мындан аркы баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту бүгүн-эртеӊ аныктаары күтүлүүдө. Бул жолу дагы сот жыйынынын убакыт-сааты так айтылбай жатат. Бул арада парламент 2010-жылкы мародёрлукту иликтеген депутаттык комиссиянын ишин бүтүрдү. Жогорку Кеӊеш атайын токтом кабыл алып, анда комиссиянын иш жыйынтыгына Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы юридикалык баа бериши керектиги айтылды. 1 айдан кийин укук коргоо органдары парламентке маалымат берет. Комиссиянын корутундусун көпчүлүк депутаттар "комментарийсиз" колдосо, оппозициялык депутаттар ага "ушактын жыйындысы" деп баа беришти...
Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу долбоору өзгөрүп, оӊдоло турган жол 9 чакырымга кыскарды. Маалыматты транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов расмий түрдө тастыктап, 9 чакырым жол кийинчерээк, үнөмдөлгөн акчага жасаларын айтты. Акча кайсы тармактан, кантип үнөмдөлөт белгисиз.
Ошентип трасса Бишкектен эмес, шаардын сыртындагы унаа базарынан Кара-Балтаны көздөй оӊдолуп баштап, ортодо 9 чакырым жол эски кебетеси менен калмакчы. Бул трассанын Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айылдарынан өткөн аймагы. Жолдун дал ушул аймагынын оор абалы айдоочулардын чыдамын кетирип, депутаттар дээрлик 4 айдан бери парламентте көтөргөн негизги тема болчу. Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында эле 2-3 депутат көтөрүп, бул тилкени долбоордон чыгарбоону, аталган айылдардын тушунан унаа айдоо мүмкүн болбой калганын дагы бир ирет айтышты. Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу боюнча тендер чуу менен өтүп, акыры инвестордун көӊүлүнө төп келген компания жеӊүүчү болду. Эми иш башталбай жатып кайрадан талкуу күчүндө. Министрдин “кийин оӊдолот” деген жообу көпчүлүктү ынандыра албай турат. Анткени республикалык бюджеттен акча үнөмдөө бүгүн кыйын, айдоочулар күндө жемелеген 9 чакырым жолдун багы качан ачылат белгисиз. Мунун акчасы кимдир-бирөөлөрдүн сол чөнтөгүнө кирип кетпедиби деген да суроо жаралды...