Бул жылы өлкө боюнча 280 чакырым жол салынарын убадалады бүгүн, 20-апрелде Жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов ЖМК өкүлдөрүнө берген маалымат жыйында.
Анын айтымында, унаа жолдорунан тышкары ар бир райондун борборлорунда 3 чакырымдан жолдор салынары пландалууда. Буга республикалык бюджеттен каражат каралат.
Өткөн жылы республика аймагында 124 чакырым жол салынган.
280 чакырымдан тышкары эл аралык донорлордун жардамы менен 100 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлөт.
"Мен бул жолдор жөн гана салынат дебейм, аларды бардык керектүү технологиялар менен сапаттуу салабыз деп айта алам. Менин буга көзүм жетет", - деди министр.