Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн "INFORMATRIX 2017" эл аралык олимпиадада Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы №71-мектеп-интернатынын окуучулары Самат Султанмуратов менен Куткелди Эламан уулу алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Элим барсыӊбы?" кайрымдуулук фондунун башчысы Хабибулла Арзыкулов билдирди.
"Үзүрлүү эмгек мөмөсүн бере баштады деп айтсак болот. Себеби биздин фонд жана мамлекет ар тараптан колдоого алган мектептин окуучулары эл аралык олимпиадада жакшы жетишкендиктерди көрсөтө бшташты.
Алсак, 13-16-апрель аралыгында информатика сабагы боюнча Алматыда "INFORMATRIX 2017" эл аралык долбоор олимпиадасы болуп өттү. Ага 10дон ашык өлкөдөн келген окуучулар катышып, Кыргыз өлкөсүнүн атынан Тоголок Молдо атындагы №71-мектеп-интернатынын окуучуларынын 3 долбоору финалдык турга өттү. Алардын ичинен 9-класстын 2 окуучусу: Самат Султанмуратов жана Куткелди Эламан уулу кыргыз маданиятын чагылдырган “Кыргыз айылы" темасындагы 3D моделдөө боюнча эмгеги менен алтын медалга жана сертификатка ээ болшту", - дейт Хабибулла Арзыкулов.