Ушул жылдын 9-апрель күнү Ысык-Көл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жети-Өгүз РИИБинин ыкчам тобу маркум киши колдуу болуп каза тапкандыгын аныкташкан. Кылмышка шектелип жаткан 26 жаштагы кыз: "Ал мени зордуктоого аракет кылганда бычак менен сайып үйдөн качып кеттим", - көрсөтмө берген.
Окуянын чоо-жайын толугу менен "Супер-Инфонун" жарык көргөн жаңы санынан (№755, 21-апрель, 2017-жыл) окуй аласыз.