Дүйнөдөгү эң оор салмактагы аял операциядан кийин 250 килограммга арыктады

Египеттик 36 жаштагы Иман Ахмад Абдулати аттуу 500 килограммдык аялга 7-мартта Мумбаиде операция жасалган, жыйынтыгында ал жарым салмагынан арылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Иман Ахмад Абдулатиге бариатрикалык хирургиялык операция жасалган. Учурда ал калыбына келтирүүчү дарылануудан өтүп жатат. Хирург Муззафал Лакдавалдын айтымында, бейтап азыр деле салмагын таштоону улантып жатат. Азырынча ал жакшы сүйлөй албай жатат. Келе жаткан 6 ай бою ашыкча салмактан дарыланат.

Ал эми аялдын туугандарынын билдиргенине караганда, анын төрөлгөндөгү салмагы 5 килограммды түзгөн жана ага "элефантиаз" (пил оорусу) диагнозу коюлган. 11 жашында кыздын салмагы бат өсө баштап, инсультка кабылып, төшөккө жатып калган. Азыр аны апасы жана эжеси карап жатат. Алар Имандын салмагына байланыштуу 25 жыл бою үйүнөн чыкпагандыгын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
salimbek87.kg
2017-04-21 20:50:24
Алаахым пендеге ооруу берсен дабасында бере кор аамин.
+1
take19
2017-04-21 21:28:34
укмуш. ко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан