Бүгүн, 21-апрелде Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары менен биргеликте экс-депутат Асия Сасыкбаева, Турсунбек Акун Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.
Алар "Сот, демократияны чөгөлөтпө!", "Сот, тиранияга жол бербе!" деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан. Учурда митингде 50дөн ашык адам бар.
"Бүгүн саат 14:00дө Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевдин абактагы мөөнөтүн узартуу сунушун карашы мүмкүн. Андыктан биз саат 13:00дө соттун алдына барабыз дейт", - дейт Асия Сасыкбаева.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары кечээ, 20-апрелде да Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышкан.