Эки унаа сүзүп кеткен окуучулардын биринин колу, экинчисинин буту сынган

Бүгүн, 21-апрелде Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде сүзүлгөн 2 окуучу эсине келди, абалдары туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди.

"Учурда балдардын абалдары туруктуу. Эсине келишкен. Экөө тең баштарынан жаракат алышыптыр. Бирөөсүнүн колу, экинчисинин буту сыныптыр. Учурда бардык тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Азыркы абалдарына байланыштуу, толугу менен изилдөө бүтө элек. Балдарды шок абалдан чыгаруу аракеттери көрүлүүдө", - дейт Талант Өмүрбеков.

Башкы дарыгер, мындай кырсыктан жабыркагандар аталган ооруканага көп түшөрүн баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Мерседес менен Субару үлгүсүндөгү эки унаа катуу ылдамдыкта кубалашып окуучуларды сүзүп кетишкен. Окуя болгон жерден "08 382 ААF" унаа номери табылды.

Чапаев көчөсүндө унаа 2 окуучуну сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bakyi
2017-04-21 16:44:18
Кудайым сактачы кутулбогон кырсыктан!!!
Кудайым шыпаасын берчин!!!
+3
Erbol03
2017-04-21 17:02:29
Уяты жоктор,кантип чыдап токтотпостон качып кетишти?Жогору жакта ишенген ата энеси,же тууган уруктары бар учун кетип калыштыда.Супер инфо силерден сураныч,ушундай кылган кылмыштарына кайдигер карап кетип калган эки бутуу айбандар, кандай жаза алышканында журналистик иликтоо аркылуу газетаныздарга чагылдырсанар жакшы бомок.
+5
admin_superstan
2017-04-21 17:32:03
Erbol03, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Mers124
2017-04-21 17:32:42
Аман болсо болду. Алар деле шок болуп калды го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан