8-майда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Гүлдүү калейдоскоп” аттуу өсүмдүктөр көргөзмөсү ачылды. Иш-чаранын ачылышына Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова да катышты. Көргөзмө мэриянын колдоосу менен Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына карата уюштурулду. Анда 500дөн ашык үй ичинде өстүрүүгө боло турган гүл түрлөрү коюлду. Гүлдөр көргөзмөсү 10-май, саат 17:00гө чейин уланат.