Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду Бишкектеги №1-тергөө абагында кармоо мөөнөтү 28-майга чейин узартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.
Жактоочунун айтымында, буга чейин Жапаровду кармоо мөөнөтү 28-апрелге чейин болчу. "Жапаров кармалган күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес", - деди адвокат.
Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМК кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу", жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 2-апрелде ал колу жана моюну кесилген абалда табылган, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 13-апрелде Жапаров кайрадан Бишкектеги №1-тергөө абагына которулган.