Бүгүн, 26-апрелде парламентте “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров тамеки тарткан жарандардын дагы укугун коргоо керек экенин айтты.
“Тамеки тарткандар дагы биздин жарандар. Алардын укугун коргош керекпиз. Кафелердеги атайын бөлмөлөрдө тартканга уруксат берилиши зарыл. Мындай мыйзамдар иштебей, катардагы эле мыйзам болуп калышы мүмкүн”, - деди Жапаров.
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, Европа өлкөлөрүндө жалпы коомдук жайларда тамеки тартканга тыюу салынып жатат. Анын айтымында, кафенин атайын бөлмөлөрүндө тамеки тартууга уруксат берилсе болот. Бирок айрым депутаттар жалпы коомдук жайда тамеки тартууга тыюу салуу сунушун айтышканын билдирди.
Ал эми “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Нурлан Макеев дүйнөдөгү тамеки тартууга каршы күрөшүү тууралуу айтып, кафенин ичинде эмес, сырттан тартып келиши керек экенин айтты.
Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салганга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.