Ырчы Самат Дөөлөтбаковдун “Закрой глаза” аттуу ырына клип Түркиянын Босфор кысыгында тартылды. Ага көптөгөн кыргыз ырчылары менен тыгыз байланышкан Александр Белов режиссёрлук кылды. Мааниси тууралуу айта кетсек, анда ырчы мырза менен анын жубайы Аида Дөөлөтбакованын тунук махабаты тууралуу айтылат. Ал эми клиптин кандай тартылганын май айынын соңунда SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүнөн көрө аласыздар.