Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы учак кырсыгынан каза болгондордун арасында 12 жаштагы Тимур Максатбеков да бар. Анын ата-энеси ажырашып кетип, 4 жашынан тартып чоң энесинин колунда чоңойгон. Кырсык болгон 16-январь күнү Тимур менен кошо анын чоң энеси, атасынын карындашы көз жумган.
SUPER.KG порталына Тимурдун апасы Таңдагүл Мамасалиева кайрылып, каза болгондордун туугандарына төлөнө турган компенсациядан мурунку күйөөсү акча бербей жатканына нааразы экенин айтты.
"Биз жолдошум экөөбүз 2004-жылы үйлөнүп, 1 уул, 1 кыздуу болдук. Никебиз тууралуу күбөлүк алган эмеспиз. Ажырашкандан бери жолдошум кызыма каралашкан жок. Авиакырсыктан кийинки жардамдарды күйөөм алып жатат. 2 миллион сом компенсация чыкты, бирок мага бир сом да берген жок. Мен өзүмдүн баламды жоготуп жатам. Берилген жардамды бөлүшүш керек да", - дейт ал.
"Зарылбек карта ачып, кызыма акча котором дегенине ишенбейм. Аны менен кандай жашаганымды эл билбейт. Уулум 2 жашка чыкканда таенесине таштап Орусияга кеткенбиз. Кайненем жалгыз болгон үчүн 4 жарым жашында уулумду өзүнө алган. Баламды жолго таштап салган эмесмин. Орусияда иштеп акча салып үй алганбыз. Москвада 2011-жылы кичине кызымды төрөдүм. Үйдө отурган маалда күйөөм бизди таштап, башка аялга кетип калды", - дейт Мамасалиева.
Кырсыктан үч жакын адамын жоготкон Зарылбек Орозбаев баласынын жакындарына берилчү акчаны апасынын колуна бербей турганын айтат.
"Мен Таңдагүлдүн өзү менен дагы, туугандары менен дагы сүйлөшкөм. Акчаны бербейм, ал каражатты алып коротуп, жок кылат. Компенсациянын суммасы канча экенин билбейм, канча болсо дагы тең жарымын кызымдын атына эсеп ачтырып, дароо котортом. Кызым бой жеткенде келечегине иштете алат. Төрөп коюп, баланы бакпай эле акчаны талашканы туура эмес. Эгер кызымды баккандан кыйналып жатсаң мага бер деп айткам. Ажырашкандан кийин ал башкага турмушка чыккан. Кызым негизинен таенесинин колунда", - дейт Орозбаев.
Ал эми Таңдагүл Мамасалиева экинчи ирет турмушка чыкпаганын айтты. "Балдарымды караш үчүн Москвада иштеп келе албай жүрдүм. Экинчи жолу турмушка чыккан эмесмин. Зарылбектин туугандары ажырашканыбызга каршы болушкан. Кайын журтум менен азыр деле катышып турам", - деди ал.