Бишкекте өлкөдөгү жакырчылыктын себептери талкууланууда

Бишкекте бүгүн, 27-апрелде "Экономика: сандар жана реалдуулук" деген теманын алкагында тегерек стол өтүүдө. Иш-чарага Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Элмира Ибраимова, Камчыбек Ташиев жана башка коомдук ишмерлер катышууда.

Өлкөдөгү жакырчылык тууралуу сөз сүйлөгөн Элмира Ибраимова өкмөттө өнүктүрүү стратегиясы жок деп билдирди. Ошондой эле бийликтин ишкерлерге жасаган мамилеси инвесторлорду өлкөгө тарта албастыгын айтты.

"Бир эле Түлеевди айтпайм, жалпы ишкерлердин абалын айтып жатабыз. Түлеевдин болгон бизнесин мамлекет тартып алды. Биринчи кезекте ал кыргыз, Кыргыз жеринде ишкердик кылып жатат. Өзүнүн бизнес объектилери менен жарандарды жумуш менен камсыздап жатат, ал айландырган акча өлкөгө пайда алып келет", - деди ал.

Ахматбек Келдибековдун айтымында, Кыргыз өлкөсү керектөөлөрүнүн 60-70 пайызын импорттук товарларды пайдаланган мамлекетке айланды. 2010-жылы импорттун суммасы 2,9 миллиард сом болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 4 миллиард сомго жетти.

Ал өлкөнүн бир топ тармактарынын 2010-жылдагы абалы менен 2016-жылдагы абалын сандар аркылуу салыштырды.

"Ички дүң продукциянын 2010-жылдагы көрсөткүчү 220,3 миллиард болсо өткөн жылы 420 миллиард болгон. Ооба, өкмөттүн расмий сайтында муну өсүш катары көрсөтүшү мүмкүн. Бирок анда 1 доллардын баасы 45,9 сом болсо, азыр 69,9 сом. 2010-жылы орточо айлык акы 7 189 сом, 2016-жылы 14 492 сом. Бирок азык-түлүк, транспорт, коммуналдык кызмат, ижара бары 200 пайызга кымбаттады. Муну эске алганда 2010-жылкы орточо маяна менен адамдын бир айлык керектөөлөрүн эсептегенде 35 пайыз дефицит чыгат. Ал эми азыркы айлыктын орточо көрсөткүчү менен керектөөлөрдүн ортосундагы дефицит 45 пайыз. Тактап айтканда, айлыкка иштегедер араң илештирип жатышат. Азыркы учурда адамга керектөөлөрү үчүн 300 доллар жумшалат", - дейт Келдибеков.

Ошондой эле ал 2010-жылдагыга караганда өткөн жылдагы экспорттун көлөмү 228 миллион сомго азайганын белгиледи.

Адахан Мадумаров коопсуздук маселесине токтолуп: "Кыргызда согуш мезгилинде канча адам өлгөнүн анан азыр Бишкектин унаа жолдорунда канча адам өлүп жатканын карап чыксаңар. Мындан сырткары өз жанын кыйган жаш балдарчы. 2000-жылга чейин аз санда болсо, акыркы үч жылда көбөйүп кетти. Европа өлкөлөрү бизге суктанып жатат деп отура бергенге болбойт. Элге таянып бир иш жасаш кыйын. Анткени туруктуу элибиз жок. Ооба, бул коркунучтуу нерсе. Анан сабат жетишпейт. Эки тарабын бирдей алып кетүү биздин милдет деп билем. Өнүгүү боюнча өлкөбүз 115 орунда турат. Биз согуштук аракеттери көп болгон Йеменден арттабыз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurkyz1977
2017-04-28 07:39:16
Кридит элди жеп бутту,убагында коп ойлонбой туруп бекер акчадай сезип алып кайра токконго келгенде кыйналып бутушту. Жеке банктарда берген насыянын устогу кымбат болуп жатат,айта берсе арман коп дегендей ээ кайсыны айтаарыбызга чамабыз чак келбей калды,эмнеси болсо да элибиз аман журтубуз эсен болсо экен.
0
Kroxa
2017-04-28 10:30:11
Светти 700 киловаттан жогору жаккандар байлар деп эмнени айтышат мисалы Караколдо 5 кабат 3 кабаттуу уйлордун жашоочулары карапайым элдер кышкысын этажда от жага албайсын,,газ деген бизде болгон эмес,(природный)анан свет менен жылытып 2000-5000 ге чейин чыкса аран толошот.отуруп алып ооздоруна келгенди оттой беришеби окмоттогулор..болгон айлыкты же пособесин,пенсиясын светке тогуп отургандар эмне силерге байларбы???отопление киргиздирип бергиле ошол уйлорго андай болсо..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан