Өзгөндө көчкү алдында калгандардын жакындарынан 3 адам ооруканага жеткирилди

Өзгөндө көчкү алдында калгандардын жакындарынан 3 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы тапта Өзгөн райондук ооруканасына 3 адам жеткирилди. Алар көчкү алдында калгандардын жакындары болушкан.

1. М. кызы Б. (истерикалуу невроз);

2. К.К. (истерикалуу невроз);

3. Х.Х. (геморрагиялык инсульт).

Азыркы тапта ооруканага жаткырылгандарга тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Siren.ms
2017-04-29 16:43:17
кайсыл жеринде болуптур кочку кудай сактасын
0
33SUUN
2017-04-29 16:45:18
Сабыр кылыныздар.
0
Joki1
2017-04-29 17:08:12
Эки дуйнолук падышасы, буткул ааламдын жалгыз жаратуучусу кемчиликсиз АЛЛА ушул пенделерине ооруларына шыпа куйутуно сабыр кыргызстаныбызга жана жер шаарына тынчылык бере кор. Озун жараткан нерселердин жамандыгынан сактай коп.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан