Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкү кырсыгына байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге көңүл айтышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын расмий сайтына бүгүн, 30-апрелде жарыяланды.
Өлкө башчылар Кыргыз Республикасынын элинин кайгысын тең бөлүшүп жатышканын айтышкан. Ошондой эле кырсыктан жакындарын жана туугандарын жоготкондорго колдоо сөздөрүн айтып, жабырлануучуларга тезирээк сакайып кетүүнү каалашарын билдиришкен.
Эске сала кетсек, 29-апрелде жогоруда аталган кырсыкка байланыштуу 30-апрель өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган.