Биз социалдык тармакта

Депутат өкмөттү долбоорлорду ишке ашырууда элдин үнүн угууга чакырды (видео)

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков өкмөттөн кичи ГЭСтерди курууда элдин пикирин эске алууну өтүндү.

Эл өкүлү Оштун Кара-Таш суусунда чакан ГЭС курулуп жатканын, айыл тургундары долбоордон чочулап жатышканын айтты. Ал белгилегендей, жарандар долбоор ишке ашса, жашоо-тиричиликке залалы тиет деген коркунучта.

"Ушул долбоорду кайрадан жакшылап карап чыкса" деп кайрылуу кылып жатышат. Ар бир ушундай долбоорлорду ишке ашырууда элдин пикирин угуп, жолугушууларды өткөрсөк. Бизге электр энергия, инвесторлор керек. Бирок бир тараптуу эле карабай, элдин сөзүн да угуп коюш керек",- деди Өмүрзаков.

Депутат андыктан ал жакка курулуп баштаган чакан ГЭСти кайра карап чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүүнү сунуштады.

Депутат өкмөттү долбоорлорду ишке ашырууда элдин үнүн угууга чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан