Биз социалдык тармакта

Электр энергиясынын импорту 3,1 миллиард киловатт-саатты түздү

Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков өлкөдө 9 айда 11 миллиард 314 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, планда 10 миллиард 334 миллион киловатт-саат деп белгиленген. Демек, электр жарыгы пландан ашыгы менен өндүрүлгөн. Министр учурга карата электр энергиясынын импорту 3 миллиард 14 миллион киловатт-саатты түзгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан