Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 30-апрелден 1-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоо этектеринде үшүк жүрөт

Өлкөдө 30-апрелден 1-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргыз гидрометеорологиясынын берген маалыматына ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

2017-жылдын 30-апрелинен 1-майына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз мамлекетинин тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, (Төө-Ашуу ашуусу), Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак, Барскоон жана Сөөк ашуусунда, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат, Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолдорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун дэңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошондой эле 30-апрелге караган түнү өлкөнүн бир топ аймактарында кар жааганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Seryi-Kardinal
2017-04-30 15:01:02
kar kochku menen kar kurtkunun ne aiyrmasy bar
0
birtanem
2017-04-30 16:28:11
Астафираллах....Субаханаллах
0
maks83
2017-04-30 18:37:44
нарынга кайра кыш келди окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан