Ысык-Көл. Каракол шаарында Жеңиш күнү жогорку деңгээлде белгиленүүдө

Бүгүн, 9-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Жеңиш” аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Иш-чара өлкөнүн гимни менен башталып, согушта курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду жана өчпөс отко гүлчамбар коюлду. Андан соң өкмөттүн облустагы өкүлү Мирбек Асанакунов, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов жана башкалар ардагерлерге, оорукта эмгектенгендерге куттуктоо сөздөрүн айтышып, чакан белектерди тапшырышты. Учурда майрамга келген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, шаар тургундары театралдаштырылган көрүнүшкө, атайын даярдалган концерттик программага күбө болушууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан