Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан көчөлөрдөгү тешиктерди топурак менен бүтөп жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG`ге бүгүн, 30-апрелде билдирди.
"Ош шаарындагы Масалиев жана Аскар Шакиров көчөлөрүнүн акыбалын караӊыздар. Бул эмне деген көрүнүш? Жолдун тешиктерин топурак менен бүтөп жатышат. Ал кайра эле бир аз кургап, шаарыбызды боз ала чаӊ кылат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.