Эл аралык "Манас" аэропорту-Бишкек трассасындагы жол чырак 10 күндөн бери иштебей турат. Айдоочулардын айрымдары абайлап жол чырактан өтсө айрымдары тобокелчиликке салып катуу ылдамдыкта өтүүдө. Жол чыракка жакын жерде жашаган жергиликтүүлөр жол чырак 10 күндөн бери иштебей турганын айтып жатышат.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз жериндеги Орусия элчилигинин кызматкери делген айдоочу жолдун дал ушул жеринде башка автоунааны сүзүп кетип, адам өмүрү кыйылган.