Бүгүн, 1-майда Венесуэланын Каракас шаарында оппозиция бийликке каршы митинг өткөргөнү жатат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, оппозиционерлер мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Өлкө башчысы Николас Мадуронун президенттик мөөнөтү 2018-жылдын декабрь айында аяктайт.
Айта кетсек, оппозициянын нааразычылык акцияларын уюштурууга Жогорку соттун президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча чечими себеп болууда. Буга байланыштуу апрель айында өткөн нааразычылык акцияларда полиция менен кагылышууларда 23 адам каза болгону, 50гө жакын адам жаракат алганы белгилүү болгон.