“Ибарат” фольклордук ансамбли Түркияда концерт берет

20-майдан 26-майга чейин Түркиянын Бурса шаарында “Ибарат” фольклордук ансамбли концерт берет. Анда аталган ансамблде тарбияланган 18 бала кыргыздын күүлөрүн комузда аткарышмакчы. Мындан сырткары алыстагы мекендештерибизге жана түрк элине “Нур” бий тобунун кыздары да улуттук бийдин өзгөчөлүгүн көрсөтүшөт. Айта кетсек, комузчулар тобу өткөн жылы Түркиянын борбору - Стамбул шаарында жаш таланттар арасында Дүйнө фестивалына катышып, мекендештерибиз баалуу белектер жана грамоталар менен кайтышкан. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 11-майында “Сейтек” балдар борборунда “Ибарат” фольклордук ансамбли бишкектиктерге концерт татууламакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан