Мындан 109 жыл мурун, 1908-жылы 1-майда Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев Аксы районуна караштуу Төө-Жар айылында туулган. Жетим балдар үйүндө тарбияланып, 1929-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Ноокат районунда эки жыл мугалим болуп иштеген. 1928-1929-жылдары техникумда окуп жүргөндө Темиркул Үмөталиевдин кабарлары "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан" гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, облустук комсомол комитетинин аппаратында бөлүм башчы, 1934-1935-жылдары Араван Машина трактор станциясында саясий бөлүмдүн башчысынын комсомол иши боюнча жардамчысы, 1935-1937-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, "Ленинчил жаш" гезитинин редакторунун орун басары, "Кызыл Кыргызстан" гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан тарта Жазуучулар союзунун аппаратында иштеген.
Акын Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан. 1946-1953-жылдары "Ала-Тоо" журналында башкы редактор, 1974-жылдан баштап китеп сүйүүчүлөр коомунун башкармасынын төрагасы болгон. Акындын ырлары 1930-жылдан тартып басма сөз беттеринде чыга баштаган. "Баатыр" аттуу поэмасы 1944-жылы жарык көргөн. Ал Александр Пушкиндин, Владимир Маяковскийдин, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Өзүнүн чыгармалары орус, украин, өзбек, казак жана башка элдердин тилдерине которулган.
1934-жылдан тартып СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон. 1968-жылы "Кыргыз Эл акыны" деген наам алган. 1982-жылы "Too гүлдөрү" аттуу китеби үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ленин, "Эмгек Кызыл Туу", "Кызыл жылдыз", "Ардак белгиси" ордендери, "Кавказды коргогону үчүн", "Будапештти алганы үчүн", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн" медалдарынын ээси.
Темиркул Үмөталиев өзүнүн балалык учурундагы оор күндөрдү, алгачкы билимге умтулган мезгили жөнүндө "Туура тарбия - турмушка жол", "Кылчайып артка карасак", "Өткөн өмүр, баскан жол" деген эскерүүлөрүндө кеңири баяндаган. Мындан сырткары акындын "Гүлдөр өлкөсү", "Туратпай", "Күч бирдикте", "Суу боюнда", "Алп кара куш", "Токтомуш мерген", "Айсулуу", "Үч баатыр жөнүндө ыр", "Болотбек", "Акыркы ок" деген белгилүү чыгармалары бар. Темиркул Үмөталиев 1992-жылы 84 жашында дүйнөдөн кайткан. Акындын ысымы Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлган.
1-майга карата жылнаама.