Күн жылып, Бишкек шаарынын тургундары жаратылыш коюнуна эс алууга чыга башташты

Жаз келип күн жылыган сайын айлана кооз тартып баштады. Мындай учурда шаардагы ызы-чуудан оолак болууну эңсегендер эс алууга шашылышат. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын тургундары жаратылыштын коюнуна эс алууга чыга башташты. Бул учурда айрымдар көл жээгинде балык уулап чер жазышса, башкалар жөн гана жоро-жолдош, үй-бүлөлөрү менен даамдуу тамактарды, шишкебектерди даярдап эс алууну уюштурууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы көл жээгинде эс алууга чыккандар менен маектештик.

"Биз бүгүн жолдош балдар менен жаратылыштын кучагында таза абадан дем алууга чыктык. Мээ сергитип убакыт өткөрүү эртеңки күндөгү жумушка дем-күч берет. Мындан улам топ ойноп, балык уулап убактыбызды кызыктуу өткөрүп жатабыз. Башкаларга жаратылышты булгабай, таза кармоону сунуштайм", - деп билдирди шаар тургуну Аман Шербеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dastan_nookat
2017-05-01 11:22:21
Абдан кооз
0
Seryi-Kardinal
2017-05-01 12:09:05
ges 5 bi
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-01 12:40:25
Ай ушу силер эс албай эле койгулачы булгап артынардан эмнелер гана калбайт эс алганды уйронуп анан чыгыш керек жеп ичесинер калат калганы ошол бойдон.
0
ayjan_90
2017-05-02 02:31:56
Суротко соонун алыптыр 5+
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан