Алмазбек Атамбаев мекендештерди 1-Май майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев мекендештерди 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

“Бул майрам – баарыбыз эңсеп күткөн, жан дүйнөбүздү эргиткен, нукура элдик майрам. Тынчтыктын, жаздын жана эмгектин символу катары бул күн муундан муунга жүрөктө сакталып келе жатат. Чынында эле тынчтык менен эмгек – ар бир адамдын жашоосунда таяна турган кош дөөлөт. Ар кимибиз ак ниет эмгегибиз менен үй-бүлөбүздү, өлкөбүздү чыӊдап жатабыз. Мамлекетибиз мээнеткеч жана ак ниет жарандарын дайыма ар тараптан камкордукка алып, урматтап сыйлайт. Өлкөбүздөгү тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы. Баарыӊыздарга бекем ден соолук, ачык асман каалайм”, - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KGstan1981
2017-05-01 12:26:11
Кайдагы майрам Озгондогу жер кочкудо калып калгандарга бир Куран окутуп койсо болот эле ошол президент.Кана уч кун болду бир конул айткан жоксун тескееринче олгондорду кунолодун.Сенин башына дагын ошондой палекет тушсо корот элек кантип майрамдаганын.
+12
aibi8984
2017-05-01 13:14:38
Аза кутобуз деп кайра эле майрамынар менен дейтко????
+2
Kroxa
2017-05-01 13:51:31
Катуу майрамдап койушса керек чондорго эмне..унтуп калды озгонду..
+1
nuke1988
2017-05-02 02:25:53
Соз жок Буга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан