Леонардо Ди Каприо Дональд Трамптын экологиялык саясатына каршы чыккан жүрүшкө катышты

Америкалык актёр, продюсер Леонардо Ди Каприо АКШнын президенти Дональд Трамптын экология жөнүндөгү саясатына каршы чыккан жүрүшкө катышты. Вашингтондогу "Климаттык жүрүш" деп аталган акция Трамптын президенттик орунга келгендигинин 100 күндүгү менен туш келгендигин чет элдик маалымат каражаттары жарыялоодо.

Маалыматта айтылгандай, башка катышуучулар сыяктуу эле Ди Каприо колуна "Климаттын өзгөрүшү - реалдуулук", "Кайрадан башталчу энергия - жумуш орундары", "Биздин жерди сактагыла" деген лозунгдарды алып, кыйкырып жүргөн.

"Жердин жагымдуу климатын сактоо үчүн күрөшкөн калктын катарына кошулуу мен үчүн сыймык. Бизге кошулуңуздар", - деген чакырыкты актёр Twitter тармагына жазган.

Айта кетсек, Ди Каприо 2016-жылы "Планетаны Леонардо Ди Каприо менен сактап калуу" деген аталыштагы даректүү тасмага тартылган. Декабрь айында Трамп менен жолугушуп, экология тууралуу сүйлөшкөн.

2015-жылы Барак Обама электр-жылуулук станцияларынын чыгындыларын абага чыгарууну азайтуу, мунай жана газды гидротехникалык ыкма менен казууну чектөө жөнүндөгү указга кол койгон. Трамп Обаманын бул чечими АКШнын энергетикасына жана бул тармактарда иштегендерге зыян алып келет деп эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан