"Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көчкү баскан жети үйдүн үчөөсүнүн ээсине гана ссуда берилген", - деп бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталына аталган айыл аймагынын башчысы Динмухаммед Бокошов маалымдады.
"Калган төрт үйдүн ээлерине март айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери келип, "силер жашаган аймак кооптуу эмес, жер көчкү болсо корооңорго жетпей токтоп калат" деп айтып кетишкен экен. 27-апрелде мен айыл тургундарына келип, башка жерге көчүп турууну сурангам. Алар мага "эртең көчүп чыгабыз" деген тил каттарын жазып берди эле. Тилекке каршы, көчүп чыгып кетүүгө үлгүрбөй калышты", - дейт Бокошов.
Динмухаммед Бокошов ээлеген кызматына 2 ай мурун эле келгенин баса белгилеп, тиешелүү документтер колунда жок экенин билдирди. Демек, көчкү алдында калган үйлөрдүн ээлерине ссуда берилгенине азырынча далил жок.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган.