Бишкекте "Ленинди ата дешибиз керек" деген коммунисттер 1-Май майрамына карата иш-чара өткөрүштү (фото)

Бишкек шаарында 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Борбор калаанын эски аянтында Комунисттер партиясынын мүчөлөрү чакан майрамдык иш-чара уюштуруп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жана шаар тургундары катышышты.

Шаар тургуну Роба Тураева "Ленинди ата дешибиз керек" деп буларды билдирди:

"Биз баарыбыз Ленинди ата дешибиз керек. Бир убакта эмгек кылгандар чын дили менен өлкөгө жаштардын келечегине жоопкерчиликтүү мамиле жасашчу. Социализм элдин келечеги. "Кудай коммунист" деп агайым туура айткан экен. Бир гана Кудай баарын тең көргөн. Ал эми коммунисттер Кудайдын улуу ишин орундаткан. Ленин атабыз токолдукту жок кылып, аялдарды эркиндикке чыгарган. Ал ар бир кыргыздын атасы", - дейт.

Мындан сырткары "Ала-Тоо" аянтында Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын "Эл айымдар" ырчылары концерт тартуулашууда. Ырдап жаткандарды 50гө жакын көрүүчүлөр тегеректеп турушат. Мындан башка майрамды шаңдуу белгилегендер жокко эсе. Айрымдар жөн гана шаар аралап, эс алып жүрүшөт.

Эске салсак, буга чейин Өзгөндөгү кырсыкка байланыштуу Бишкек шаарында 1-Май майрамы белгиленбей тургандыгын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирген.

Белгилей кетсек, Орусиянын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, Совет мамлекетин жана коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин 1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. 1903-жылы большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп Орус падышачылыгын тактан кулатып Владимир Ильич Ленин бийликке келген. Ал бир партиялуу систем түзүп, коммунисттик партиянын жетекчилигинде СССР мамлекетин түптөгөн.
Бишкекте 1-май майрамына карата иш чара
1-майда Ала-Тоо аянтында айымдар ырдашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Makain
2017-05-01 13:21:47
Аны масадиев исках акам экоонор эле Ата дегиле аялын апа дегиле
+3
dina1983-19
2017-05-01 13:35:52
Ата дегиси келгендер айтаберишсин бизге ленини эч ким эмес.
0
Uson13
2017-05-01 13:48:50
Ата дегендер дей беришсин ленин мен үчүн эч ким эмес керек болсо аны жерда кабыл алган эмес
0
jake91
2017-05-01 13:58:11
Ленин биздин Копдогон Алым окумуштуларды кушту генаралды сургун кылып олтургон лично мен ата дебейм
0
suban78
2017-05-01 14:14:05
Ээ эгер Ленин атабыз кыргыздарды дунган, уйгурлардан кулчулуктан сактап, озунчо Кыргыз Республикасы деп тузбогондо корот элем силердин суйлогонунорду. Алла Таалам ошо силер жаман деген Улуу Ленинди бактыбызга жараткан экен. Ушу кыргыздарды сактап кал деп. Айланайындар, бир кок мээ жаман деп койсо эле билбей туруп жаман дей бербей биринчи окусанар эмне иш кылгандарын. Эмне ошол кыргыздар кыйналып, балдарын, кыздарын бир чыны буудайга уйгурдунган, кытайларга сатып жатканда ушул Ленин атабыз сактап
+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-01 18:57:24
suban78,ата дегидей ким орустар сага бар сен ата дей бер эчким каршы эмес 16чы жылы кычыраган кышта элинди эмне кылды кытайга кууп олтуруп жок кылышты даагы ата дейм дейт буларга чейин кыргыз эли азияны кармап турган буларды кууп чыгыш керек
-3
Patriot7
2017-05-01 19:15:20
Bolunbo.kyrgyz, сен Атамбаевди ата дей бер!!! Бул жерде терс пикир жазгандар баары Атамбаевди ата деп айта беришсин. Тарыхын билбеген, ата-бабасынын басып откон жолун, каада-салт, нарк-насилин сыйлабаган эл келечекте адам улгулуу инсан болуп жарытпайт. Эгер тарыхты билгенинде уркунго ким тиешелуу экенин анык билмексин. Жогоруда бири жазыптыр, окумуштуу, генералдарды олтурткон деп. Кана кимди, санап берчи, же сен Ленин менен Сталинди ажырата албасан эмнеге коммент жаздын анда?!!
+3
Patriot7
2017-05-01 19:20:00
Кыргыз Кыргыз болуп эгемен мамлекет болуп, тили, дилин сактап калганына Лениндин ото чон салымы бар. Бул адам болбогондо бугун 6 миллион (анын ичинен 4-4,5млн кыргыз) жараны бар олко болмок эмеспиз. Кытайдагы бир ууч боордошторубуздун санын кобойтуп отуруп калмакпыз. Аранарда керсейип коммент жазгандардын кобу бул дуйного келээринен да кумонум бар. Отурмаксынар уйгур, дунган, курт, цыган, катаган, каракалпак ж.б.коптогон элдердин катарын толуктап, эркиндикти самап...
+3
Patriot7
2017-05-01 19:24:33
Энесайда, бул жагы Томс шаары, аркы учу Байкалга чейинки аралыкта чон жерде ээлик кылып, Сибирдин майда урууларын багындырып отурган Энесай кыргыздары дээрлик 100 жыл Орус империясы, анан Жунгарлар, бери журсо казактар менен чабышып согушуп журуп, акыры Оруссиянын чечкиндуу буйругу менен кыргынга учуралылып, аман калгандары ар кайсы элге синип жок болду. Мына Тенир Тоолук кыргыздардын да Памирдеги, Текестеги, Какшаалдагы ж.б. жерлери башкаларга отуп кетти.
+4
Patriot7
2017-05-01 19:29:08
Эгер бактыбызга Ленин атабыз болбогондо учурдагы жерибизден да айрылмакпыз, элибиздин да кобунон айрылмакпыз. Эгер санакты билсенер Уркундон кийин 200-300 мин чамалуу кыргыз калган болсо, Союз учурунда кобойуп осуп отуруп 10-15 эсе кобойдук. Маданиятка жеттик, сабатсыздыгыбыз жоюлду, медицинанын, прививканын жардамы менен жугуштуу оорулардан боо боо адам олгон кундор унутулду. Ленин атабыз бизге эркиндик, тендик, жаркын жашоо тартуулады!! Ал эми Акаев, Бакиев, Атамбаевдерчи?!!
+3
suban78
2017-05-01 14:17:29
Окутуп, ээ айта берсен соз кобойот. Азыр кана, ким бизге куйуп жатат, озубуздун эле чондорубуз озубузду тоноп жатпайбы. Ким айтты Ленинди жаман деп. Адам кылды эле го бизди акыры.
+9
MAKALAK
2017-05-01 14:37:01
ХХХ
Уркундон кыргындан ким сактады кыргызды тоодон тушуруп шаарларды колхоз совхоз завод фабрикаларды куруп берген.Азыр талкалап
Тентип журобуз
+3
Doni99
2017-05-01 14:47:21
Orustan dagy dele aryla albai kelebiz
-2
mirkaa5182
2017-05-01 14:51:15
Азыр Лениндин киши чыкпай атат, ал кишинин эмгеги опол тоодой. Ошого тарыхта атты калган.
+7
aijyldyz
2017-05-01 16:33:40
Ар бир инсандын аты тарыхта кала бербейт. Жакшы десек да жаман десек да ташка тамга баскандай аты калган. Мен Ленинди жаман дегенден алысмын. Бул улуу инсан болбогондо кыргыз эли небак эле жок болуп кетмекпиз. "Мен дуйнону багындырам" деген инсандардын бири катарында аты калган. Чынгызхан, Гитлер, Ленин, Сталин, Македонский дагы экоо эстей албадым. Осмон империясы беле.
+3
meni_kut
2017-05-01 18:33:10
Хочу вернуться в СССР...
+4
admin_portal
2017-05-02 14:36:53
meni_kut, кыргыз тилинде жазууну сунуштайм.
0
Kroxa
2017-05-01 20:22:20
Ленин атам суйлогон осуятын уйроном...деп окудук эле СССР кезде...эми тааныбагандар четтен чыгат..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан