Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 68 жылдыгы Талас шаарында кызуу белгиленүүдө.
Майрамдык салтанат Талас шаарынын борбордук сейил багында жайгашкан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып тургузулган эстеликке гүл коюу менен башталды. Иш-чарада шаар мэри, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун бир катар ардагерлери куттуктоо сөздөрүн айтышты. Андан соң облустун ар кайсы аймагынан чогулган эл борбордук аянтта өткөн аскердик парадга күбө болушту.