Кыргыз Улуттук университетинин ректору 27-майда шайланат. Ректорлукка 9 талапкер бар

Кыргыз Улуттук университетинин ректору 27-майда шайланат. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда окуу жайдын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, университетте мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчисин шайлоону өткөрүү боюнча жобонун талаптарына жооп берген 1 миң 580 кызматкер иштейт. Ал эми ректорлукка 9 талапкер документтерин тапшырган.

Талапкерлер: Асел Абакирова, Эмилбек Акунов, Нурзак Асанбеков, Гурас Жапаров, Таалайбек Каракеев, Зарема Казанбаева, Канат Садыков, Нур Саралаев, Туратбек Суранаев. Алар кызматтык орундарын 15-майдан баштап тапшырышат.

Эске салсак, 6-апрелде университеттин ректору Чынара Адамкулова кызматтан кетип, анын ордуна мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан