Курулуш башкармалыгы дачаларынын жашоочусу: "Өкмөт жакындары каза болгондор менен жабыркаган элди экиге бөлүп койду"

Январь айында Боинг учагы кулап түшкөн айылдын тургундары 25 миң сомдон акча алып, бирок айрым тургундар эмнеге "доом жок" деп кол койдурганын билишпейт. Мындай маалыматты бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталына Гүлбарчын Казыбекова билдирди.

"Биздин үйүбүз кырсык болгон жердин экинчи катарында болгондуктан анчалык чоң зыян келген эмес. Ошентсе да терезелерибиз сынып талкаланган. Ошондуктан комиссия бизди жабыркагандардын катарына кошкон. Эл катарында бизге да 25 миң сомдон беришти. Ошол жерден доом жок деп кол койдуруп алышты. Эмнеге доом жок экендигин деле билген жокмун. "Элдин баары эле коюп жатат коё бербейсизби" дегенинен кол коюп койдум. Буга чейин чогулуш кылып, кандай шартта, эмнеге кол коёрубузду айтып түшүндүргөн бирөө жарым болгон жок. Эми мындан ары дагы тыйын береби белгисиз", - деп билдирди Казыбекова.

Учак кырсыгына кабылган Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын дагы бир жашоочусу Нуркыяз Машаев кырсыктан улам бир айыл эки тарап болуп бөлүнүп калганын айтууда.

"Кырсыктан жабыркагандарга берилүүчү каражат адилетсиз бөлүнүп жатат. Буга чейин ижарада жашагандар менен үй ээлерине берилүүчү каражат тең экиге бөлүнөт делген болчу. Айрым ижарачыларга 10 миң, үй ээлерине 10 миң берилип ортодон 5 миң сом дагы жок болууда. Кээ бир батирде жашагандарга таптакыр акча берилбей калыптыр. Атайын ачылган эсепке элден түшкөн акчаны бөлүштүрүүчү жана көзөмөлдөөчү комиссиянын курамына жергиликтүү тургундардан жакындарын жоготкон жарандар да киргенин билесиздер. Эми ошол комиссиядан отчёт бергиле десек бербей жатышат. Ал тургай акча аларда "доом жок деп кол койбосоңор бир сом да берилбейт" дешти. Комиссиянын курамында балдары же жакындары каза болгондор. Алар менен бизди Өкмөт каршылаштырып, бир элди экиге бөлүп койду", - деди.

Маалыматка ылайык, учурда айылдагылар ким канча акча алганын такташууда. Кээ бир үйлөрү талкаланып калгандар 70 миң сомдон алышкан. Ал эми короо сарайы бузулгандар да ошол эле сумманы алышкан.

Ал эми ата-энеси менен эки бир тууганы каза болгон кичинекей Султандын чоң апасы Бурулкан Жумалиевага байланышканыбызда ал эч кимге нааразы эместигин айтты.

"Бир үйдөн 4 жакынымды жоготуу мен үчүн оор болду. Буга чейин ар бир каза болгон адам үчүн 2 миллион сомдон жардам берилет деп айтылган болчу. Тиешелүү тараптар убадасын аткарып элден чогулган акчадан ар бир каза болгон тууганымды эске алып, жалпы 8 миллион сомду атайын банктык эсебибизге которушту. Эми жакында Султанга үй алып беребиз. Ал эми жакындары каза болгондор менен жабыркагандардын ортосундагы пикир келишпестиктерден кабарым жок", - дейт Жумалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shadykanov
2017-05-01 17:26:32
Туура эмес 8 милионго эми эмне кылмак эле 1 милиондон болсо туура болмок деп ойлойм
-1
aibi8984
2017-05-01 20:32:21
тируу калганына суйунбойбу, элге озу эч нерсе жакпайт!
-2
Kroxa
2017-05-02 09:09:04
Бирок торт киши бир семья го бир уй бузулду да кайра 4 миллион берсе уйу да Султанды бакканга да жетмек..башкалары уйу бузулгандар 25мин сом алса калыс болбой калган аларга леле 1миллондон тийсе болмок коррупция кирип кеткен го бул жакка дагы..чуркагандар алып чуркабагандар калып...
0
toko77
2017-05-02 15:49:40
КӨӨӨП эле сумманы айтып жатышпады беле чогулду деп, кана ал акча???????????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан