Аксыда төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 90 жылдыгы белгиленүүдө

Аксы районунун Тегене айылында бүгүн, 1-майда төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Иш-чаранын алкагында республикалык төкмө акындардын айтышы өтүүдө. Мааракеге катышып жаткандардын айтымында, жарыш 16 төкмөнүн ортосунда болуп жатат.

Токтосун Тыныбеков 1927-жылы Аксынын Тегене айылында туулган. Кыргызга белгилүү төкмө акын. 1960-жылы ага "Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артисти" наамы берилген. 1953-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. "Биринчи эмгек" аттуу ырлар жыйнагынын автору. Акын 1982-жылы каза болуп, анын ысымы 1987-жылы өзү туулган айылдагы орто мектепке ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-05-01 17:25:06
Эфирден качан коробуз??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан