Өкмөт "эгер “Коопсуз шаар” долбоорун “Кыргызтелеком” ишке ашырса арзан болот" деген пикирде

Бүгүн, 2-майда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору талкууланды.

Анын жүрүшүндө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов эгер "Коопсуз шаар" долбоору “Кыргызтелеком” ишке ашырылса азыраак акча каражат жумшаларын айтышты.

Курсан Асанов "Кыргызтелеком" менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу тез арада бүтө турганын белгиледи.

"Ички иштер министрлиги "Кыргызтелеком" аркылуу ишке ашырылышына ишенич бар болгондуктан колдойт. Биргеликте долбоорду ишке ашырып, бүтүрүү керек. "Коопсуз шаар" боюнча сотко тиешеси жок жерлерге биринчи кезекте 5 видеокөзөмөл коюлса, экинчи этабында жаңы жылдын башында 15 коюлат", - деди ИИМдин башчысынын орун басары.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянованын айтымында, мурда "Коопсуз шаар" долбооруна 86 миллион сом каралса, "Кыргызтелеком" аркылуу 10 миллион сом тегерегинде каралып жатат. КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов дагы бул долбоорду ишке ашырууда "Кыргызтелеком" жакшы оператор боло турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
scorp
2017-05-02 18:24:42
Эхххх
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан