
Мындан 498 жыл мурун, 1519-жылы 2-майда италиялык атактуу сүрөтчү, скульптор, архитектор, анатом, математик, физик
Леонардо ди сер Пьеро да Винчи курман болгон. Айрым маалыматтарга караганда, улуу сүрөтчүнү өзүнүн жакын досу, падыша
Франциска I өлтүрткөн. Анын сөөгү Амбауз имаратына коюлган.
Ал 1452-жылы 15-апрелде Анкиано кыштагында туулган. Көптөр аны ошол замандын жана кылымдын көп тармактуу илимпозу, италиялыктардын идеалдуу адамы деп атап коюшкан. Ошол кезде аны Чародей же болбосо шайтанга кызмат кылуучу, Кудай тарабынан улуу күчкө ээ Фауст деп да таанып жүрүшкөн.
Италиянын интеллектуалдар борбору болгон Флоренция шаарында жайгашкан Верроккьо кесипканасында Леонардо да Винчи алгачкы эмгектерин жараткан. Ошондой эле ал техникалык жааттан дагы сабак алганга жетишкен. Чийүү, химия, темир ширетүүчү, гипс жана булгаары менен иштөө илимине сүңгүп кирген. Жаш чебер ошол эле мезгилде сүрөтчүлүгүн жерге таштаган эмес. Сүрөт тартуу, айкел чегүү жаатында дагы эмгектенип, окуп үйрөнүүгө далалат жасаган.
24 жашында Леонардо да Винчи жана анын үч жолдошу садомиялык (сексуалдык жоруктун бир түрү) сүрөттөрү үчүн сот жообуна тартылышат. Бирок ал жагдайды кеч болсо да жеңип чыгууга аракеттери зор болот. Мына ошондон кийин сүрөткердин өмүр таржымалы өтө аз баяндала баштайт. Бирок анын Флоренцияда белгилүү кесипканасы бар экени жашыруун эмес. Ошол жерде күн өткөрүп, ошол жерден улуу чыгармаларын жарыкка алып келе баштаган.
1482-жылы жазылган Вазаринин эмгегинде (Леонардо да Винчинин өмүр таржымалын өтө жакшы билген жазуучу) сүрөтчүнүн элге билинбеген ырчылык таланты жазылган. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Леонардо да Винчини жалаң ак сөөктөр чакыртып, сарайында иштетип калышкан. 1516-жылы Франциянын падышасынын чакырыгы менен Кло-Люсе имаратына барып өмүрүнүн акыркы 3 жылын окуучусу Франческо Мельци менен өткөргөн.
2-майга карата жылнаама.