Бүгүн, 2-майда окурмандардын бири WhatsApp аркылуу Өзгөн шаарында жогорку кубаттуулуктагы электр линиясы тартылган мамы кулаганы турганын SUPER.KG'ге кабарлап, тийиштүү мекемеден чара көрүүнү суранган эле.
“Ош электр” ишканасына байланышып, жагдайды тактадык. Мекеме кооптуу мамыдан кабардар экенин билдирди. “Өзгөн дарыясынын жээгинде “Өзгөн” жана “Новая” көмөк чордондорунун ортосунда №42-43-44-мамылар жайгашкан. Дарыя 43-мамынын түбүн оюп кеткен. Ал мамы жыгылган жок, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери сууну башка жакка бурушту. Дарыянын жээгине тосмо курулуп, мамы ордунда кала турган болду. Болгону түбүн бекемдейбиз. Учурда аталган мамылардан электр зымдарын алып койгонбуз, оӊдоо иштери бүтсө кайра тартабыз", - деп билдирди ишкананын маалымат катчысы Талгат Алиханов.