Казакстандын мусулмандар биримдиги сакалга салык салууну сунуштады

Казакстандын мусулмандар биримдиги аттуу уюм сакал койгондорго салык салууну сунуштады. Бул тууралуу Казакстандын nur.kz басылмасы жазып чыкты.

Сунушту киргизип жаткан Уюмдун жетекчиси Мурат Телибеков Францияда, Англияда жана Орусияда бир кезде колдонулган тажрыйбаны эске алып, азыр казакстандык белгилүү экономисттер менен теологдор сакал өстүргөнгө салык салуунун жол-жобосун иштеп чыгышканын айтат. Казакстандын мусулмандар биримдиги уюму сунуштаган мыйзамда 12,4 сантиметр узундуктагы кара сакалга жылына 1530 доллар, 12,1 сантиметр узундуктагы сары сакалга 1214 доллар, 11,8 сантиметр узундуктагы боёлгон сакалга 1127 доллар салык салуу сунушталат.

Ошондой эле маалыматка ылайык, медицина жана теология тармагындагы адистер сакалдын узундугу 1 сантиметр 7 миллиметрден ашпаганы жакшы деген тыянакка келгени айтылат. Алардын пикиринде, бул адамдын ден соолугуна жакшы таасир этип, жаман ойлорго тоскоол болот. Долбоордо мындай талапка баш ийбегендерди жоопкерчиликке тартуу да каралып, бул мыйзамды мусулмандар эле эмес, өлкөдөгү башка бардык диндердин өкүлдөрү сактоого тийиш экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
zoiy_asad2014
2017-05-03 09:42:26
Ой тообо
+2
gaibilla
2017-05-03 09:46:55
Совсем с ума посходили.
-2
admin_portal
2017-05-03 11:45:34
gaibilla, кыргыз тилинде жазууну сунуштайм.
+2
gaibilla
2017-05-03 09:47:45
Андан көрөк гейлерге салык салсын, бир ХХХ мынча деп.
+23
salimbek87.kg
2017-05-03 10:05:40
gaibilla,жардынгоо бирок туура чечим.
+10
MARAT.OZGON
2017-05-03 09:59:33
Айнайнайыыын сакал койсо не болуптур андан коро сойкуларга салбайбы салыкты!
+14
jenibek
2017-05-03 10:02:17
kyrgyzstanda jashaganybyzga shugur kylaly tuugandar
+9
33SUUN
2017-05-03 10:04:58
Уюмунун атын озгортуп алсынчы биринчи.Сакалга асылбай.
+8
Er-jurok.
2017-05-03 10:16:55
Батыштан акчаны көп алыптыр деп койдум казактарды.
+8
daiyrbek01
2017-05-03 10:28:29
Er-jurok.,оа акчаны коп алганы учун батыштын айтканын жазап ататда. Элестет 70 -80 таяп калган аксакал адам сакалы учун 80 мин сом же 240минге чукул тенге толоп атканын
+6
Sagyn.91
2017-05-03 10:39:15
КРда деле ушундай башкаруу мн кетсек ошол жолго баруусу деле узак эмес!
+4
ABDulHai
2017-05-03 11:01:15
Evreidin zholun zholdobogula tuugandar
+4
meni_kut
2017-05-03 12:13:49
европалыктардын сакал койгондорун эч ким айтпайт.Барып Кончитага сал салыкты.
+2
nurka85
2017-05-03 12:20:25
Эми ХХХ салык салышсын. Мамлекеттин казынасын толтуруунун бир жолу болот.
+1
admin_superstan
2017-05-03 16:23:17
nurka85, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
0
nurka85
2017-05-03 12:21:30
Адамдын кулкусун келтиришет. Таппасан сыйпалап кал дешип.
+3
Neizvestno777
2017-05-03 12:27:50
Ой тообо куло берип ич эзилди,салык сала турган нерсени да ойлоп табышкан экен
+2
Leilektik
2017-05-03 13:47:12
Казактын чалдары эми красавчик болуп калат екенда
0
Izdeim_seni.
2017-05-03 13:55:23
Туура чечим. Сакалдары апсайышып жийиркентет
-1
sabirdinovich
2017-05-03 14:51:19
Izdeim_seni.,
ХХХ Ким сакал коюуну кааласа коё берсин. Негизгиси жарашыктуу, тыкан жана таза өстүрүп бакса болду да.
Казактар кайдан дагы да көп акча табуу керек деп, ушуну ойлоп чыкса керек да. Аз күндө ХХХ асылбаса болду.
+1
admin_superstan
2017-05-03 16:25:07
sabirdinovich, жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя бар. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан