Өлкө аймагында 137 миллион сомдон ашуун каражатка ички чарбалык суу каналдары тазаланып, калыбына келтирилди. Мындай маалыматты бүгүн, 3-майда Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 2-майына карата 137,6 миллион сомдук жумуш сугат тармагын калыбына келтирүү иштери аткарылган. Ошондой эле 319,6 чакырым чарбалар аралык суу түтүктөрү тазаланып, коюлган пландын 94 пайызы аткарууга алынган.