Астана шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык кеңешинин маалымат катчысы Чынара Усупбаева билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары өздөрүнүн иш сапарынын алкагында Астана шаардык кеңешинин депутаттары менен бул маселени талкуулашкан.
"Астананын ономастикалык комиссиясынын чечимине ылайык шаардык депутаттардын токтому менен Чыңгыз Айтматовдун ысымы көчөгө ыйгарылды", - дейт Усупбаева.
Эске салсак, Санкт-Петербург шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылган.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана постсоветтик жазуучу, Кыргыз ССРнин Эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.