Мунай иштетүүдөн миллиарддарды тапкан норвегиялык Хьелль Инге Рекке океанды таштандыдан тазалоочу долбоорлорду каржылоого даяр экенин жарыялады. Бул туралуу Discover24 басылмасы жазып чыкты.
Ишкер андагы 2 миллиарддын көбүн экологиялык программаларды колдоп коомчулукка кайтарарын убадалаган. Ал алгач океанды пластиктен тазалоо боюнча изилдөөчү кемени каржылай турганы маалым болду. Кеменин экипажы 30 адам болсо, бир нече лабораториянын жана илимий кызматкерлердин саны 60.
Суткасына мындай кеме океандан 5 тоннадай пластик таштандысын алып чыгат. Хьелль Инге Рекке Гарвард университетин 400 миллион долларга каржылаган, эми ал экологдор менен тыгыз байланышта болот.