SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Шаардык кыз деп кандай кыздарды ойлойсуңар?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Угушумча, кээ бир кыздар тамеки чегип, түнкү клубдардан калбай, ичимдик ичкенин, жарым жылаңач болуп жүргөндүгү үчүн өздөрүн "шаардык" деп сезишет экен. Мен шаардык кыз деп, боёнгону, кийингени, жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү маданияттуу, өзүн таза алып жүргөн, билимдүү жана көптү көргөн токтоо, сылык кыздарды эсептейм".
"Азыркы учурда шаардык же айылдык кыз деп бөлүүгө болбой калды. Негизи айылдан абийирдүү кыздар, ал эми шаарда болсо билимдүү кыздар көп боло турган. Сулуу кыздар эки тараптан тең чыкчу эле. Акыркы учурларда кимдин кайсы жерден келгени кызыксыз болгон сыяктуу эле, өздөрүн "шаардыкмын" деп туруп, туура эмес тарбиясын көрсөтүп жүргөн айылдык кыздар бар жана шаардык статусун сактай албай калган шаардык кыздар бар. Бирок жакшы кыздар али түгөнө элек. Мени ошол нерсе сүйүндүрөт. Алар биздин эжелерибиз, карындаштарыбыз, таежелерибиз, досторубуз, керек болсо апаларыбыз. Алар болбосо эркектер жалгызсырап калмак".
"Шаарыбызда туулуп өскөн кыздардын арасында сонун кыздар бар, жөнөкөй, тилди, башканы да жакшы билген, анан да жакшы бир жери - университетте окуса да, мектепте окуса да, дайыма ата-энесинин колунда болушат. Айылда улууга урмат, кичүүгө кызмат кылыш керек экендиги көп учурларда "мыйзам" катары жаттатылып, анан тарбияланышса, шаарда тарбияны кулагы менен угуп ошондой болуш керек экендигине көздөрү жетип, анан колдонушат. Шаардык кыздарды урушуп бир нерсе кылдырып коюшка болбойт, алар эркиндикти сүйөт, себеби эркиндикти кантип колдонушту билет. Алар борбордо болгондон кийин ошонусу менен башкаларга - жалпы кыргыз кыздарына үлгү болушат. Бар болсун шаардык жакшы кыздар!"
"Шаардык кыздардын атын айыл жергесинен келген, кээ бир ой-жүгүртүүсү төмөн кыздар бузуп коюп жатышат. Мен шаарда жашаганыма 24 жыл болду. Кара-Көл шаарынан көчүп келгенбиз, кыздарды айырмалай алам. Шаардык кыздар өтө тыкан кийинишкен, билинер-билинбес эле болбосо көп боёнушпайт, сүйлөгөнү, баскан-тургандары ордунда же орусча таза, же кыргызча таза сүйлөшөт. Айылда дагы сонун, тубаса шаардык көрүнүшкөн, өздөрүн жакшы алып жүргөн кыздарыбыз бар. Кеп айылда же шаарда төрөлгөнү эмес, ал кыздардын тарбиясында. Шаарда да, айылда да "сасыткылар" боло берет, бул жагдайдан качып кутула албайбыз. Туптуура "5" кол тең эмес.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.