Бүгүн, 3-майда парламенттин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев уктап калды. Бул тууралуу жыйындын жүрүшүндө "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов айтып чыкты.
Депутат чиновникти маанилүү токтом каралып жатканда уктап калды деп жемеледи. "Жогорку Кеңешке уктаганга келеби? Мурда дагы парламенттин жыйынында уктап калганы боюнча интернетке видеосу чыккан. Мен азыр сүрөтүн тартып алдым", - деди депутат.
Ал эми министрдин орун басары уктап эмес, ойлонуп жатканын айтып жооп кайтарды.
Эске салсак, аталган чиновниктин Жогорку Кеӊештин мурдагы чакырылышынын жыйынында да уктап калганы тууралуу видео тараган. Жогорудагы сүрөт ошол видеодон алынган кадр.