30-апрелде окурман "Элдик кабарга" "Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан көчөлөрдөгү аңдарды топурак менен бүтөп жатышат" деп кабарлап, сүрөттөрүн жиберген. Бул суроого Ош шаардык Жол башкармалыгынын башкы адиси Улук Жаныбеков төмөндөгүдөй жооп кайтарды:
"Ал шагылдар жолду убактылуу кармап турганга эле төгүлгөн. Биз ошол Масалиев көчөсүндө жолду оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз, бир жума болуп калды. Азыр асфальт басылып келе жатат. Жолдорду асфальттап бүткөнгө чейин аң бойдон таштап койгонго болбойт. Аларга байкабай унаалар түшүп калбасын деп, убактылуу шагыл менен толтуруп жатышат. Кышында да шагыл төгүп турдук. Төгүлгөн шагылдарды катуу жамгыр агызып кетүүсү мүмкүн, эгер андай болсо, кайра толтуруп турабыз”, - деди.
Мэриянын маалыматына ылайык, быйылкы жылда жолдор башкармалыгы тарабынан 27 миң чарчы метр аң-чөнөк жамала тургандыгы пландалган. Жалпысынан шаарда 578 чакырым жол болсо, анын ичинен 513 чакырым жолдор башкармалыгына таандык. Ал эми калган 57 чакырым Транспорт жана жолдор министрлигине, калганы Кара-Суу районунун карамагында.